super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: “Маевскийдин шылуун экенине соттор ишенбей жүрүшкөн болсо, камалганы анын эл аралык шылуун экенине далил болду”

 

16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде Кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.

SUPER.KG порталынын "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген соболуна “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.

Ал Текебаевдин ишин карап чыгууну талап кыларын айтты.

“Маевскийдин кармалышы боюнча 20-ноябрда маалымат жыйын беребиз. Биз Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну, адилеттүү өкүм чыгарууну суранабыз жана талап кылабыз. Анткени Маевскийдин шылуун экенине соттор ишенбей жүрсө, бүгүн 37,5 миллион доллар талап кылып, түрмөгө отурганынан анын эл аралык шылуун экенин билсек болот. Ошол шылуундун сөзүнө ишенип, биздин сот Текебаевди ак жеринен камап жиберди. Эл аралык шылуундарга ишенип, өзүбүздүн саясатчыларды ак жеринен камай берсек адилеттүү эл, күчтүү мамлекет, таза коом боло алабызбы? Сырттан киллер жалдагандай чет өлкөдөн шылуундарды жалдай берсек эгемендүү эл боло алабызбы? Ошондуктан биз буга бөгөт коюп, адилеттүүлүктү талап кылабыз”, - деди Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз, жарандык активист Адил Турдукулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: