super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Японияга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт (акыркы оюндардын жыйынтыгы)

 

Бүгүн, 20-ноябрда Япониянын Тойота шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Япониянын курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт.

Кыргыз улуттук курама командасы БАЭде өтүүчү Азия Кубогуна кызуу даярдык көрүүдө. Кыргыз футболчулары акыркы 3 айда 3 жолдоштук беттеш өткөрүп, анда 2 жолу жеңишке жетүү менен, 1 беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Анда Александр Крестининдин шакирттери Палестина курамасы менен 1:1 эсебинде тең чыгып, Сирия курамасын 2:1 эсеби менен жана Малайзия курамасын 1:0 эсебинде утуп алган.

Кечээ, 19-ноябрда Кыргыз улуттук курама командасы Японияга каршы оюн өтүүчү "Тойота" стадионунда машыгуусун өткөрүп, башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюн алдындагы маалымат жыйынга катышты. Ал бүгүнкү беттеш тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: "Бул беттеш Кыргыз жана Япон курамалары үчүн Азия Кубогуна даярдык катары өтүүдө. Албетте, ар бир машыктыруучунун өзүнүн милдеттери бар. Биз аны чечип жатабыз. Биздин маселе Азия Кубогунда колдоно турган идеяларды ишке ашыруу. Ал идеялар кандай ишке ашып, футболчулар аны кандай кабыл ала турганын көрүү керек. Ошондой эле Азия Кубогуна даярдануунун акыркы бөлүгүнө футболчуларды тандап калуу болот", - дейт машыктыруучу.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин бул жолдоштук беттешке 23 оюнчуну алып барган. Алардын арасында жаракаттан улам 1 жыл курамга чакырылган Виктор Майер жана жаракаттан улам Малайзияга каршы беттешке чыкпай калган Виталий Люкс бар. Бирок бул беттешке жаракат алган Азамат Байматов, Мирлан Мурзаев жана Антон Землянухин катышпайт.

Кыргыз улуттук курама командасынын тизмеси төмөнкүдөй болду:

  • Дарбазачылар:
    • Павел Матяш (клубу жок), Кутман Кадырбеков ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").
  • Коргоочулар:
    • Тамирлан Козубаев, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов (бардыгы "Дордой" футболдук клубунан), Шерзот Шакиров (“Нефтчи”), Айзар Акматов (“Алга”), Даниэл Тэго (“Читтагонг Абахани”, Бангладеш), Виктор Майер (“Виденбрюк”, Германия), Вениамин Шумейко (“ЮиТМ”, Малайзия)
  • Жарым коргоочулар:
    • Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев, Фархат Мусабеков, Ислам Шамшиев (бардыгы "Дордой" футболдук клубунан), Бахтияр Дүйшөбеков (“Башундхара Кингз”, Бангладеш), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Эдгар Бернхардт (“Тыхы”, Польша), Турсунали Рустамов (“Алга”).
  • Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Ульм 1846", Германия), Эрнист Батырканов (“Дордой”).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
20.11.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байматов ресторанда той берип элден акча чогултпай ойносо болмок. Менин кыялым чатак учун биринчиси качты эми бийчи кызды алдым деп мактанбай жапондорду женишке салымын кошсо болмок.ишенген Землянухин да байматтын тоюнда ХХХХХХХ журот. Курамадагы жигиттерибизге ийгилик!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-20 17:14:54
20.11.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роналду мессилерибиз жок экен женилебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: