Интерпол жаңы башчы тандайт
Интерполдун жаңы башчысы Дубайдагы башкы ассамблеяда тандалат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, эл аралык полиция уюмунун мурдагы башчысы Мэн Хунвэй кызматынан октябрь айында кеткен. Ага чейин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы мекенинде коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, ал кармалганын айтып чыккан.
Интерполдун Дубайдагы жыйынында Косовону уюмдун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуу же албоо маселесин да чечүүсү күтүлүүдө.
Интерпол - күч түзүмдөрүнүн аракеттерин бириктирип, эл аралык издөө жүргүзгөн орган. Анын курамына 190 мамлекет кирет. Башкы кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.