super.kg logo

"Бакай Банктын" кызматкерлери Бишкектеги "Жаштар" сейил багына бак отургузушту

 

"Бакай Банктын" кызматкерлери Бишкектеги "Жаштар" сейил багына бак отургузушту. Аталган иш-чара ушул жылдын 28-декабрында белгилене турган компаниянын 20 жылдык мааракесинин урматына жасалды.

Бишкек шаарынын "Жашылдандыруу" муниципалдык мекемеси бул демилгеге өзгөчө көңүл бурду. "Жаштар" паркынын аймагынан акыркы 3 жыл бою жер кыртышы азыктандырылган аймактан атайын тилке бөлүнүп берилди. Жалпысынан 20 түп чынар терек, 20 түп зараң, 20 түп липа жана 20 даана каштан дарагы тигилди.

"Бакай Банктын" жетекчилигине борбор калааныны жашылданышына кошкон салымы үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Биздин шаарга пайда келтирүү эң маанилүү нерсе, биз жаштарды жашылдандыруу эмгегине тарбиялашыбыз керек. Биздин баш калаа өнүгүп өсө берсин. Биз болсо ар бир түп бакка кам көрөбүз, жазында бактардын жанына көк майсаң эгебиз", - деди "Жаштар" паркынын жетекчиси Жаныбек Шайымбетов.

"Бакай Банк" ачык акционердик коомунун биринчи орун басары Бакита Мундузбаеванын айтымында, жашыл көчөттөрдү отургузуунун шаар чөйрөсү үчүн маанилүүлүгү абдан жогору.

"Биз бардык жарандарыбызды шаардын тазалыгын жана тартибин сактоого, бактарды баалап жана коргоого чакырабыз. "Бакай Банк" ушул жана келе жаткан жылдары Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына пайда алып келе турган бир катар пайдалуу акцияларды өткөрөрүн белгилеп кетким келет", - дейт Бакита Мундузбаева.

"Жаштар" сейил багына жаңы көчөттөр отургузулганын билген бишкектиктер кубанычта болушту.

"Мен бул сейил бакта неберелеримди ээрчитип көп сейилдейм. Жаңы, жаш көчөттөрдүн отургузулганына абдан кубанып турам. Бир нече жылдан кийин булар чоңойсо, сейил бак мындан да көрктүү болуп чыга келет. Өсүп келе жаткан муунга кам көрүп жатканыңар үчүн чоң рахмат. Муну менен сиздер башкаларга үлгү болуп жатасыздар. Азаматсыңар! Кыргызда эгер сенин бош жериң жок болуп бирок, башка бирөөнүн жерине бак отургузсаң, бул асыл иш болуп саналат. Биздин шаар өнүгүп, кайрадан КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги "жашыл шаарга" айлансын", - дейт Бишкек шаарынын тургуну Эркингүл Курманалиева.

"Бакай Банк" социалдык-корпоративдик жоопкерчиликтин принциптерин карманып, ушул жылы бир нече ири долбоорлорду ишке ашырды: Тазалыктын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өлкө боюнча булганган аймактарды тазалоо, Талас шаарындагы эки муниципалдык аялдаманы куруу, республика боюнча мектеп окуучуларынын арасында финансылык сабатын жогорулатуу тренингдерин өткөрүү, "Бакай Банк Жаз Деми" марафонун өткөрүү, "Мен Кыргыз өлкөсүн инвестициялайм" долбоорун колдоо жана башка.

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 76 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

"Бакай Банк" ААКсынын байланыштары:

Дареги: "Бакай Банк" ААКсынын Бишкектеги башкы кеңсеси - Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 77.

Телефону: 0 (312) 61-00-61, уюлдук телефондон - 6111, WhatsApp: +996 (554) 00-61-11.

Сайт: www.bakai.kg


кошулду





"Бакай Банк" бак-дарактарды отургузду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: