super.kg logo

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү 2 айга камалды

 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Мындай чечим 19-ноябрда Баткен шаардык соту тарабынан кабыл алынганын SUPER.KG'ге облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголсо, кийин 281-берененин 5-бөлүгү менен да иш козголгон. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп өскөн Чак айылында жерге берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.11.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми куноолуу,куноолуу эмес болсо да куноолуу болуп чыгат да...
20.11.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөсү бардыр ошого кармагандыр балким. Бул жалгыз кудайга жана ушул ишти аткарган адамга аян
20.11.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерин жайлуу топурагын торко болсун бөлө.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: