Өлкөдө акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталып, Бишкектеги конуштардын биринде отун жыйылган сарай күйүп кетти
Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 4, Ош шаарында 1, Жалал-Абадда 2 өрт кырсыгы катталган.
Бишкектеги Свердлов районуна караштуу Дордой-2 конушунда өрт кырсыгы катталган. Анда Аул-1 көчөсүндө жайгашкан №21-турак жайдын короосунда жайгашкан жалпы аянты 70 чарчы метрди түзгөн сарай жана жыйылган отун күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.