Бишкекте таанышынан 90 миң сом акча алып, бербей кеткен адам кармалды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылып, А.К. аттуу адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу өз арызында июнь айында "курулуш материалдарын алып берем" деген шылтоо менен 90 миң сом акчасын алып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын бербей жаткан адам тууралуу билдирген.
Бул факт боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы А.К. аттуу киши кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, факт боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.