super.kg logo

Өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кесиптик деңгээлин жогорулатуучу окуудан өтүүдө

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкөнүн райондорундагы өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кесиптик деңгээлин жогорулатуучу окуудан өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу 17-октябрдан тарта башталып, ӨКМнын Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучулары тарабынан жүргүзүлүүдө. Окуутунун негизги максаты кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо болуп саналат.

"Окутуулардын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан №20, №58, №65, №54, №59, №55, №78-өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өрт өчүрүүчү, куткаруучулары жана өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өрттүн алдын алуу, өрт болгон учурда сактануу, коомдук жайлардагы өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча окутулду. Аталган окуулар Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучу курамы жана ошондой эле Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү менен биргеликте Балыкчы жана Каракол шаарында өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: