super.kg logo

"Шал оорусуна кабылып баспай калган 2 баламда кайрадан үмүт оту жанды" дейт Мээрим Султанбек кызы

 
Кубанычбек
Изат

Аянычтуу тагдырга туш болуп, үмүттүн шооласы көздөрүндө жанып турган Изат менен Кубанычбек - бир туугандар. Төрөлгөндө башка балдардан айырмаланчу эмес, бирок убакыттын өтүшү менен улам сыркоолоп жатып ага-ини шал оорусуна кабылып, буттары баспай калган.

Тагдырдын оор сыноосуна туш болгон Мээрим Султанбек кызынын айтымында, 2011-жылы акча таап, аларды баккан жолдошу каза болуп калган.

"Жараткан маңдайга ушундай нерсени жазган экен. Эки балам жакшы чоңоюп келе жатып эле бири 8 жашка, бири 7 жашка чыкканда буттары баспай калды. Жалгыз жөлөк-таяк болуп жүргөн жолдошум да оорудан улам көз жумду. Ошондон бери балдарымды жалгыз карап келе жаткам. Алар такыр баса алышпайт, өз алдынча тамак иче албайт жана дааратканага да бара алышпайт. Чоңойгон сайын балдарды көтөрүү кыйын болуп, өзүм да белимди оорутуп алдым", - дейт бир туугандардын апасы.

Мээрим Султанбек кызы 2015-жылы кайрадан турмушка чыккан. Бул жолдошу балдарын караганга жардам берип, чоң көмөк көрсөтөт.

"Эки уулумдан башка 3 кызым бар. Экөө мектепте окуйт, эң кичүүм 1 жашта. Жолдошум балдарды караганга өтө чоң жардам берет, балдарым аны ата дешет. Кубанычбек менен Изат буттары баспай калганга чейин мектепке барып, жакшы деген бааларга окушчу. Эми күнү-түнү, жайы-кышы дебей үйдө отуруп калышты. Балдарым башка балдардай эле баскысы келет. Кубанычбек футболчу болууну кыялданат. Балдарымдын көз каранды болуп, жалдыраган көздөрүн көргөн сайын жанымды коёрго жер таппай кетем. Сураштырсак эгерде балдарымды Москва шаарындагы клиникалардын бирине алып барып дарылатсак басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Муну уккандан бери балдарымдын үмүтү жанып, буюрса, басабыз деп жатышат", - дейт Султанбек кызы.

Чоң үй-бүлө азыркы тапта 2 бөлмөлүү батирде турат. Батирдин ээси колумдан келген жардам болсун деп ижара акысын албайт.

Мээрим Султанбек кызы колунда бар адамдардан 2 баланы дарылатуу үчүн каражат топтоого жардам сурайт.

Элсом 0771 64 30 83

Байланыш номери 0771 64 30 83.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
20.11.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллах шыпаа берсин. ИншаАллах басып чуркап кетесиңер.Баарыңыздарга Аллах сабыр күч кубат берсин.
20.11.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жараткан Тенирим ден соолук берсин. Оорубай ар дайым аман болсун.
20.11.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла берген дардыга шыпаасын кошо берет бизден толька аракет кылууз кажет
20.11.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
коп тукурсо кол болот жардам берели туугандар
20.11.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо элсом номерине бирдик салабызбы.
21.11.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр не Деген оорулар чыкпады. Басып журуп баспай калсаа. Жакшы болуп кетишсин эч Бир Ата эне кыйналбасын.
21.11.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келгиле туугандар ,жардам Беркли акчалай,бир коланын,же бир зыяндуу тамак жегиче ошол акчаны ушул баодардын эсебине которуп коелу. Кандай дейсинер???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: