super.kg logo

"28 миллион сом асманга чачылбаса". Жалал-Абад шаарында тургундар жолдун сапаттуу курулушунан күмөн саноодо, буга мэриянын жообу

 

Социалдык тармактарда "Жалал-Абад шаарындагы Чехов көчөсүнө асфальт төшөө туура эмес жүргүзүлүп жатат" деген видео талкууланууда.

Иштин жүрүшүн жергиликтүү тургун Мирбек Уметалиев тартып алган. Анда тегизделген шагылдын үстүнө битум чачылбастан асфальт төшөлүп, жол куруу эрежелери сакталбай жатканы көрсөтүлгөн. Автордун билдирүүсүнө ылайык, асфальт төшөөдө битум отчёт үчүн гана кээ бир жерлерге өтө аз өлчөмдө чачылып, мындан улам анын үстүнөн төшөлгөн каражат жабышпай калат.

Мындан кийин андагы жол куруучуларга жана аларды көзөмөлгө албагандыгы үчүн шаар бийлигине карата сын-пикирлер жаай баштады. Айрым интернет колдонуучулар "жолду сапаттуу салбоо - акчаны асманга чачуу" деген пикирин жазышууда.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Жалал-Абад шаардык мэриясынан жооп алды.

"Жай айынан бери кеңейтилип жаткан Чехов көчөсү асфальтталып, аяктоо этабына келип жетти. Бул көчөнү реконструкциялоого жергиликтүү бюджеттен 28 миллион сом акча каражаты каралган. “ВавилонМаркет” аттуу курулуш компаниясы тендерден жеңип, ишти 21 миллион 200 миң сомго жеңип алган.

Ал эми куруучулар иштин сапатына кепилдик беришерин, бүтө элек иштен кемчилик издеген туура эместигин айтышат. Интернет желесинде жарыяланган видеодо жолго төшөлчү жабышчаак суюктуктун ошол жерде эритилип жатканы, күндүн суугуна карабай жол куруп жаткандар сынга алынган. Суюктукту ысык кезинде жолго пайдалануу үчүн аны иш ордунда эле эритүү зарыл болгон. Азыркы тапта мында 6 техника жана 21 жумушчу күнү-түнү иш алып барууда", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Ал эми шаар тургундары ушул эле жылдын октябрь айында шаардын Пушкин көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу бөлүгү сапатсыз курулганын, шаар бийлигинин кийлигишүүсү менен ал жерлерге кайрадан асфальт төшөлгөнүн айтышып, бул абал кайталанбаса деген тилекте аракет кылып жатышканын кошумчалайт.

Айта кетсек, жол куруу иштери аяктагандан кийин эксплуатацияга берилерден мурун Мамэкотехинспекция жана тиешелүү мекемелер аралык комиссия текшерүүдөн өткөрөт.






Жалал-Абадда тургундар асфальттын туура төшөлүп жатканынан күмөн санашат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.11.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Basylyp kalgan asfaltty kantip tekwermek ele je elder jindi emesko. Bul asfalt baribir kopko turbayt. 2 jyldan kiyin buzulsa anan aytat garantiya eki jyl ele bolchu dep
20.11.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде Лейлек районунда Коммунизм менен Ленин айылдарынын аралыгындагы жолго 2 ай мурда асфальт тошолгон. 2 айга жетпестен талкаланып бутту. Акча текке кетти. Буга ким жооп берет? Супер инфо, сураныч, ушул маселе боюнча жергиликтуу бийлик окулдоруно суроо берип кайрылып коргуло. Жаны асфальт 2 ай турган жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: