super.kg logo

Бишкек шаарында "абаны булгап жатышат" деген жүйө менен менчик мончолорго рейд жүрүүдө

 
Акыркы 4 сүрөт инернеттен алынган, талкуу жараткан сүрөттөр.

Бишкек шаарында "абаны булгап жатышат" деген жүйө менен менчик мончолорго рейд жүрүүдө. Бишкек шаардык мэриясынан билдиргендей, мончо иштеткендер жылытыш үчүн ар кандай чүпүрөк, дөңгөлөк, тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жагышат.

"Муниципалдык башкармалыктын демилгеси менен Октябрь районунда менчик мончолорго рейд жүргүзүлдү. Бул рейд санитардык-экологиялык инспекциянын, өрт кырсыгынан куткаруу кызматынын өкүлдөрү жана №6 аймактык муниципалдык башкармалык менен биргеликте жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн алкагында тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жагып жылытылган мончолор табылды. Аларга административдик укук бузуу фактысы менен протоколдор толтурулду. Бул багыттагы иштер дагы да уланат", - деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Бишкек шаардык мэриясы шаардын аба катмары булганып жаткандыгына байланыштуу өндүрүштүк таштандыларды жана башка зыяндуу заттарды өрттөбөө керек экендигин эскертет. Эгер тургундар тарабынан мындай факты катталса административдик жазага тартылат.

Кошумчалай кетсек, акыркы мезгилде Бишкек шаарынын аба катмары нормадан 20 эсеге ашык булганып жатканы коомчулукка жарыяланып, талкууланууда. Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылынын маалыматы боюнча суук түшкөндөн бери Бишкектин абасынын булганышы мурдагыдан да күчөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
20.11.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
С.Пригородный ж.в Умуттода ушундай жеке банялар жана жеке тигуу цехтери аябай коп.Банядагылар цехтерден келишим тузуп алышып мешок мешок чупурок сапырактарын алып жагышат.Умуттун айрым кочолору корунбойт банянын капкара тутундорунон.келип текшерип кетсениздер жакшы болот эле.
20.11.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баняны текшергенче ар бир машинаны текшериш керек
20.11.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай иш чараларды жайкысын деле текшерип турса болот эле да жыл сайын кыш келгенде кыймылдап каласыңарда күн жылыганда жоголуп кетесиңер.
20.11.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар.Калктын ден-соолугу биринчи орунда туруш керек!Эми мончонун ээси бекер тушуром мончого десе алданып калбай протоколунарды тузуп штраф салгыла.
20.11.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ото орчундуу маселе экологияга аяр мамиле кылбасак 5, 10 жылда кытайдын абасындай болот Экологдор жетишпейт , жыйнтыктуу иштер ото аз
20.11.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рейд 1000сом турат ашып кетсе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: