"Ал дайыма эски кийимчен, артына араба сүйрөп жүрөт". Бишкекте тонналаган таштанды чыккан батирдин ээси ким экендиги айтылды
Буга чейин Бишкек шаарынын 8-кичи районундагы көп кабаттуу батирлердин биринен бир нече унаа таштанды чыгарылганы маалымдалган. Белгилүү болгондой, батирде жылуулук өткөрүүчү түтүктөрдө маселе жаралып, алдыңкы кабаттагы батирлерге суу өтүп кеткен. Мындан улам аталган дарекке барган "Бишкек жылуулук" ишканасынын кызматкерлери үйдөгү жылуулук түтүктөрүн андагы таштандылардан улам оңдоого мүмкүн эмес экендигин айтышкан.
Бул боюнча SUPER.KG порталы Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына байланышып батирдин жашоочулары тууралуу маалымат алды. Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чолпон Мамбетакунованын маалыматына ылайык, батир Бишкек шаарынын В.Л. аттуу тургунуна катталган. Бирок В.Л. өзү 7-кичи райондо жашайт.
"В.Л.нын өзүнүн жашаган үйү 7-кичи райондо, 8-кичи райондогу таштанды толгон батир анын эжесинин үйү болчу. Бирок эжеси каза болуп калгандан кийин мүлк В.Л.нын атына өткөн. В.Л. эжесинин качан өлгөнүн, таштанды эмнеден улам топтолгонун, айтор маалымат бербей жатат.
Таштандылар болсо 3-4 ай аралыгында топтолгон эмес, 1-2 жылдап топтолгондой. Ичинде киши жашаганга мүмкүн эмес. Батирдин абалы да абдан начар, таракан жана башка жандыктар көп. Биздин божомолубузда таштандыны В.Л.да, эжеси да топтогон.
Бул жарандар башкармалыкка каттоого алынган эмес, анткени баскан-тургандары тың, эч кандай жардамга муктаж эмес болчу. Кийин эжеси каза болуп калыптыр. В.Л. өзү кээде башкармалыкка келип турат. Чынында абдан эски кийимдерди кийип, артына дайыма араба сүйрөп алат. Арабасында баштыктар болгонун көргөм. Акыл-эси, жүрүм-туруму жакшы эле. Болгону көбүрөөк сүйлөп, кейий берет. Биз муну улгайган адамга таандык мүнөз катары кабыл алчубуз.
Эми бул окуядан кийин анын 7-кичи райондогу өзүнүн үйүнүн абалын билүүнү пландап жатабыз. Адегенде көчө комитети менен байланышып, анын үй шарттарын сураштырабыз", - деди Мамбетакунова.
Башкы адис белгилегендей, Социалдык коргоо башкармалыгы өз алдынча баса албаган, өзүн-өзү тейлей албаган, аз камсыз болгон тургундарды гана каттоого алат. Ал эми В.Л. да, эжеси да жетиштүү көлөмдө пенсия алышат жана алар жардамга муктаж болушкан эмес.
кошулду
Бишкектин тургунунун үйү таштандыга толуп калган













1 |