super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Япония футболчуларына ири эсепте утулуп калды

 

Бүгүн, 20-ноябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Япония курама командасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт.

Беттеш Япониянын Тойота шаарындагы "Тойота" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 16:20да башталат.

Аталган беттеш Кыргыз курамасы үчүн Азия кубогуна даярдануу максатында өтүүдө. Машыктыруучу Александр Крестининдин командасы окуу-машыгуу жыйындарын Японияда 11-ноябрдан 19-ноябрга чейин өткөрүшкөн.

Бул беттешке Кыргыз курама командасынын белгилүү оюнчулары Антон Землянухин, Азамат Байматов жана Мирлан Мурзаев жаракат алганына байланыштуу катышпайт.

Кыргыз курамасы төмөнкү курамда оюнга чыгат:

16:00. Кыргыз курама командасынын капитаны бул беттеште Эдгар Бернхардт болот.

16:13. Командалар көк майсанга чыгууга даяр болушту. Бир аз убакыттан кийин футболчулар оюн талаасына чыгат.

16:15. Командалар оюн талаасына чыгышты. Азыр эки кураманын мамлекеттик гимндери жаңырат.

16:16. Оюнчулар тизилип, алар менен эки өлкөнүн футбол федерациясынын өкүлдөрү учурашып өттү. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов болду.

16:18. Алгач Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырды. Эми Япониянын гимни аткарылат.

16:21. Командалар беттешти баштоого даяр. Топту оюнга алгач талаа ээлери кошот.

16:23. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш старт алды.

16:24. Япониялык оюнчулар алгачкы чабуулун сол канаттан баштоого аракет кылышты. Бирок узатылган топко япониялык футболчу жетишпей калды.

16:25. ГОЛ! Эсеп 1:0. Алгачкы мүнөттө япониялык футболчулар контр чабуулга чыгып, Яманака эсеп санын ачты.

16:26. Кыргыз курама командасы талаанын ортосунан топту оюнга кошуп, дароо топту жоготуп алды.

16:27. Япон футболчуларынын оң канаттан баштаган чабуулун кыргыз футболчулар токтотуп калганга жетишти.

16:29. Япониялыктар кайрадан топко ээлик кылышууда. Япониялык футболчу оң канаттан чыгарууга аракет кылып аны ишке ашыра алган жок. Топту бурчтан көтөрүү орун алат.

16:30. Бурчтан көтөрүлгөн топту Козубаев кайрадан талаадан сыртка чыгарып салды. Япониялыктар дагы бир жолу топту бурчтан чыгарат.

16:31. Бурчтан көтөрүлгөн топко япониялык чабуулчу жетип сокку узатты, бирок ал таамай болгон жок.

16:32. Талаанын орто бөлүгүндө Даниэл Тэго каршылашынын чабуулун эреже бузуу менен токтотту. Япониялыктар айып сокку аткарат.

16:33. Айып соккуну япониялыктар ийгиликтүү колдоно алган жок.

16:34. Учурда кыргыз футболчулардын талаанын орто бөлүгүнөн чыга албай жаткан кези. Япониялыктар азырынча чабуулга чыгууга шашылган жок.

16:35. Япон футболчулар чабуулда Юсуповго каршы оюн эрежесин бузду. Топ азырынча Кыргыз курамасында.

16:37. Виталий Люкска каршы эреже бузулуп, кыргыз футболчулар чабуулду улантат.

16:38. Япониялыктардын талаанын орто бөлүгүндө өз ара пасташып, чабуулга чыгууга аракет кылышууда.

16:39. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Япония - 70 пайыз, Кыргыз курамасы - 30 пайыз.

16:40. Кайрат Жыргалбек уулу айып аянтчанын жанынан оюн эрежесин бузганга жол берди. Япониялыктар кооптуу айып сокку аткарат.

16:41. Го-о-о-л! Генки Харагучи айып соккуну аткарып, анын соккусун Павел Матяш тосо албай калды. Эсеп 2:0.

16:42. Кыргыз футболчулар топту оюнга кошту. Ак-Шумкарлар азырынча жакшы оюнду көрсөтпөй жатат.

16:45. Даниэл Тэго атаандашынын чабуулун токтотуп, командасын дагы бир голдон сактап калды деп айтсак болот. Топ кыргыз курамасында.

16:46. Япониялыктар өз талаасында мыкты экенин көрсөтүүдө. Ито айып аянтчанын ичинде топту кабыл алып, сокку узаткан. Бирок ал кыргыз футболчулардын, бактысына жараша, таамай болгон жок.

16:48. Талаанын ортосунда Тэгого каршы оюн эрежеси бузулуп, кыргыз футболчулардын чабуулу токтоп калды.

16:49. Кыргыз футболчулар топту тарттырып жиберип, япониялыктар контр-чабуулга чыгышты. Итонун аткаруусундагы чабуулду Тэго эреже бузуу менен токтотуп сары айып кагаз менен белгиленди.

16:51. Кайрадан япониялыктар кооптуу абал жаратышты. Харагучи сол канаттан айып аянтчага топту чыгарып берип, Ито сокку узаткан. Бирок Ито кайрадан таамай сокку узата алган жок. Матяш топту оюнга кошот.

16:52. Беттештин 30-мүнөтү аяктады. Азыркыга чейин кыргыз футболчулар атаандашынын дарбазасына сокку узата элек.

16:53. Ито кайрадан мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок. Оң канаттан чыгарылган топту 5 метр алыстыктан дарбазага башы менен багыттап таамай сокку жасады. Бирок Матяш топту тосуп алганга жетишти.

16:55. Кыргыз курама командасы коргонуудан чабуулга өткөнгө аракет кылды. Кайрат Жыргалбек уулу Бернхардт менен пасташып, алдыдагы Люкска топту чыгарып берген. Бирок Жыргалбек уулу таамай сокку жасай алган жок.

16:56. Оюн талаасында алмаштыруу орун алды. Оюн талаасына Шехзот Шакировдун ордуна Айзар Акматов чыкты.

16:59. Оюндун ылдамдыгы бир аз төмөндөп калды. Топ япониялыктардын карамагында калууда.

17:00. Япониялык коргоочу оң канаттан айып аянтчага топту чыгарып берген, бирок Айзар Акматов чабуулду токтотуп калганга жетишти. Япониялыктар топту бурчтан кошот.

17:01. Япониялыктар топту бурчтан ийгиликсиз кошту. Бирок топту жоготкон жок.

17:02. Виталий Люкс атаандашынын айтып аянтчасынан топту тосуп алды, бирок бир топ коргоочунун жанынан чабуулду уланта алган жок. Артка кайтарылган топту Юсупов алдырып жиберди.

17:03. 1-таймдын аягына чыгарына 4 мүнөт калды. Топ дале япониялыктарда, алар жай темп менен чабуулга чыгууда.

17:05. Кыргыз курама командасынын коргоочулары оюн эрежесин бузуп, япониялыктар кайрадан коопту айып сокку аткарышат.

17:06. Айып соккуну Яманака аткарып, таамай сокку узата алган жок. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.

17:07. Кыргыз футболчулар чабуулга чыгышты. Виталий Люкс топту Кайрат Жыргалбек уулуна өткөрүп берип, ал дарбазага сокку узатты. Бирок таамай сокку жасай алган жок.

17:08. 1-таймдын негизги убактысы аяктап, калыс 1 мүнөт убакыт кошуп берди.

17:09. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттештин 1-бөлүгү аяктады.

17:25. Калыс 2-таймга старт берди. Топту оюнга кыргыз футболчулар кошуп, дароо топту жоготуп алууга жол берди.

17:30. Муролимжон Ахметов оюн эрежесин бузуп, сары айып кагаз менен белгиленди.

17:31. Япониялык чабуулчу офсайд абалына кирип, калыс аны байкап калды. Топ Кыргыз курамасынын карамагына өттү.

17:32. Айзар Акматов жаракат алып калгандай көрүнөт. Ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

17:34. Айзар Акматов оюн талаасынын сыртына чыгарылып, беттеш уланууда.

17:35. Сижимото кооптуу абал жаратты. Ал айып аянтчага көтөрүлгөн топту дарбазага багыттаганга жетишсе, бул соккуну Матяш тосуп алганга үлгүрдү.

17:36. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Виталий Люкстун ордуна оюнга Эрнист Батырканов кошулду.

17:37. Кыргыз футболчулар айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алды. Бернхардт чыгарган топко Козубаев жетүү аракетин көрүп, дарбазачы жана каршылаш оюнчу менен сүзүшүп алды. Япониялык футболчулар медициналык жардам алууда.

17:39. Япония курамасында дароо 3 алмаштыруу орун алды.

17:40. Оюндун ыргагы жайлап калды. Топ учурда япониялыктарда.

17:42. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Япония - 70 пайыз, Кыргыз курамасы - 30 пайыз.

17:43. Бернхардт атаандашынын айып аянтчасында кооптуу абал жаратканга аракет кылды, бирок дарбазачы мыкты ойноп топко биринчи жетти.

17:45. Кыргыз курамасынын чабуулга чыгуу аракети ишке ашпай калды. Бернхардт топту жоготуп алууга үлгүрдү.

17:49. Павел Матяш атаандаштарынын чабуулун токтотуп калганга жетишти. Сол канаттан чыгарылган топту Матяш атаандашына жеткирбей тосуп калды.

17:51. Гол! Эсеп 3:0. Япония курама командасынын кезектеги чабуулу гол менен аяктады. Айып аянтчанын ичинде Осако топту кабыл алып, таамай сокку узатты.

17:52. Кайрадан ГОЛ! Япония курама командасы эсепти 4:0 кылды. Накажима айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, Матяш аны тосуп алганга үлгүргөн жок. Коргоочулар каршылаштарынын чабуулдарына жетишпей калууда.

17:54. Эдгар Бернхардт сол канаттан Батыркановго топту чыгарып берген. Батырканов айып аянтчада топту кабыл алып, бирок колу менен ойногону үчүн Кыргыз курамасынын чабуулу жыйынтыкталды.

17:56. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Бекжан Сагынбаев Муролимжон Ахметовдун ордуна оюнга кошулду.

17:57. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада Кыргыз курама командасында жылыш бар. Япония курамасы 67 пайыз, Кыргыз курамасы 33 пайыз.

17:58 Бахтияр Дүйшөбеков оюн эрежесин бузуп, япониялыктар айып сокку аткарат.

17:59. Япониялыктар топту тез оюнга кошуп, чабуулун улантты. Азырынча япониялыктар гол киргизгенге шашылган жок.

18:02. Кыргыз курамасында алмаштыруу. Капитан Эдгар Бернхардттын ордуна Турсунали Рустамов чыкты.

18:04. Япония курама командасынын чабуулу офсайд абалы орун алгандыктан аягына чыкты. Офсайд болбогон кезде кооптуу абал жаралмак.

18:06. Ахлидин Исраилов сол канаттан чабуул жасап, Кыргыз курама командасына алгачкы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

18:07. Бурчтан чыгарылган топко япониялык коргоочулар алгачкы болуп жетип, топту айып аянтчадан чыгарып кетти.

18:08. Кооптуу абал! Япониялык чабуулчу айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узатып, таамай болду. Анын узаткан тобу штангага тийип, дарбазага кирип жаткан кезде Матяш топту чыгарып кетти.

18:10. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталды. Калыс 3 мүнөт кошуп берди.

18:12. Кыргыз коргоочулар оюн эрежесин бузуп, япониялыктар кооптуу сокку аткарат.

18:13. Айып соккуну Осако аткарып, бирок таамай сокку узата алган жок.

18:14. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктады. Кыргыз курама командасы бул беттеште 4:0 эсебинде жеңилип калды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
20.11.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байматов бийчи катынын кучактап жатса. Землянухин болсо ХХХХХХХХХ. ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-20 17:01:25
20.11.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саат менен эмес оюндун минутасы менен жазсаңар
20.11.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Топ бут эле жапониялыктарда бейм, биз ге топ бербей. Бул жактан бир эки топ алып алсак болмок экен жапондорго жалдырабай
20.11.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Матяш карыптырсын.2-голду мен деле тосмокмун
20.11.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Azat.97,тосмо да каталык кылып койду 2-голду
20.11.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2-0 Япондорго уткурса тузук эле.Разгром болсо керек дедим эле
20.11.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилердин духу түшүп калыптыр э жок дегенде бир жолу воротага тепкилечи уят кылбай
20.11.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Болду эми ушу счетту кармагыла, буттвн кедсе жок дегенде 4:1 кылгыла
20.11.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
дуйно чемпиону германияны 2-0 менен женген япония 4-0 немецтердин жарымы эмикиде тен чыгабыз куда кааласа
20.11.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bekmaral,ал Япония эмес Туштук Корея болчу урдура бербечи
20.11.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Modric10,
20.11.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарды олкодо кантип спорт онуксун,чондор акча болсо эле жеп жатышса.Командага деле чондун балдары кетишти болуш керек,жок дегенде японияны коруп келели деп.
20.11.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ruslanz,Аракет кылса жеңип же тең чыкканга мүмкүнчүлүк болот. - Аракетке-Берекет-
20.11.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балдар эч нерсе эмес. Кийинки беттеш ким менен.
20.11.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болуп турат Узбекистан деле 0:4ко женилди Кореядан азр
20.11.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тренердин жаны кастюмунан башка эч озгоруу коро албадым оюндан
20.11.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми Япония менен Кыргызстанды салыштырып болбойт экөөнүн деңгээли эки башка
20.11.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Blackmoon, эн туура, кошулам. Япония дуйнолук футболдо ойноп жургон команда болсо а биз... жерий бериштин кереги жок ушинтип олтуруп бара бара онугот да бизде да.
21.11.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
cholpon119966,туура
20.11.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Команда утканда гана эмес утулганда дагы колдогонду үйрөнөлү туугандар ошондо гана жылыш болот
20.11.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
volk27,туура айттын
21.11.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзү схема тактикабыз оборонительный болуп турса анан кайсы голду күтмөкбүз.дарбазага он бирөөө катары менен эле турушбаптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: