super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Равшан Жээнбеков: “Атамбаев конструктивдүү оппозиция, күч боло алса, анда бул жакшы көрүнүш"

 

Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өлкөдөгү саясий кырдаал, өзүнүн ысымы аталган чуулгандуу окуялар тууралуу "Апрель" телеканалына маек берди. Ал өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясатын сындап, бийлик Курманбек Бакиевдин жолунда бара жатканын айтты. Дал ушул себептерден улам саясатта каларын белгилеп: "Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бийлик Бакиевдин жолуна түшүп кетпөөсү үчүн калам. Башка нерсе менен алек болууну пландагам. Бирок саясатта калууга аргасызмын", - деди.

SUPER.KG порталынын "Атамбаев "саясатта калууга аргасызмын" деди. Анын саясатта болгону өлкөдөгү саясый абалга кандай таасир берет?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Анын пикиринде, оппозиция - бийликтин системине керектүү механизм. “Саясий оппоненти бар бийлик дайыма абайлап, коркуп, таза иштейт. Биздин бийликтин системине бул абдан керек. Эгер Атамбаев конструктивдүү оппозиция, күч боло алса, анда бул жакшы көрүнүш болот”, - дейт Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, саясий серепчилер Марат Казакбаев, Марс Сариев, укук коргоочу Рита Карасартова, депутат Акылбек Жапаровдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: