super.kg logo
  Саясат  

Саясатчы Азимбек Бекназаров: "Атамбаев саясий күрөштүн бардык ыкмаларын колдонууга аракет кылат"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өлкөдөгү саясий кырдаал, өзүнүн ысымы аталган чуулгандуу окуялар тууралуу "Апрель" телеканалына маек берди. Ал өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясатын сындап, бийлик Курманбек Бакиевдин жолунда бара жатканын айтты. Дал ушул себептерден улам саясатта каларын белгилеп: "Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бийлик Бакиевдин жолуна түшүп кетпөөсү үчүн калам. Башка нерсе менен алек болууну пландагам. Бирок саясатта калууга аргасызмын", - деди.

SUPER.KG порталынын "Атамбаев "саясатта калууга аргасызмын" деди. Анын саясатта болгону өлкөдөгү саясий абалга кандай таасир берет?" деген соболуна саясатчы Азимбек Бекназаров жооп берди.

“Атамбаевдин саясатта калам дегени "мен кетпейм, силер менен күрөшөм" дегенди түшүндүрөт. Анын саясатта калганы саясий абалды курчутат. Атамбаев алдыдагы шайлоолорго катышып, жеңип чыкканга аракет жасайт. Ошону менен катар эле маалыматтык согушту улантат. Ал саясий күрөштүн бардык ыкмаларын колдонууга аракет кылат”, - деди Бекназаров.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясий серепчилер Марат Казакбаев, Марс Сариев, укук коргоочу Рита Карасартова, депутат Акылбек Жапаровдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: