super.kg logo

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов: "Ар бир кылган кылмыш ишин тергөөчүлөр видеокөзөмөл менен жүргүзөт"

 

Соттук реформанын жүрүшүнүн алкагында 2019-жылдын 1-январында беш жаңы кодекс ишке кирет. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов SUPER.KG порталына билдирди.

Ал Кылмыш-жаза кодекси ишке киргенден тартып, тергөөчүлөр жаңыча иш алып бара баштайт дейт.

"Ар бир кылган кылмыш ишин тергөөчүлөр видеокөзөмөл менен жүргүзөт. Кылмыш иши иликтенип бүткөнгө чейин видеого тартылат. Ошондо кыйноолорго бөгөт коюлуп, арыз даттануулар келип түшпөйт. Бардык иш-аракет мыйзамдын негизинде кетет. Ошого жараша заманбап иш бөлмөлөрдү түзүү ИИМдин жетекчилигине жүктөлгөн. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында тергөөчүлөр үчүн заманбап беш иш бөлмөсү жасалып жатат. Иш бөлмөлөр эл аралык стандартка шайкеш келтирилип, бардыгы айнек менен жасалууда", - деди Асанов.

Мурда бир топ баскычтардан кийин гана кылмыш иши козголгон. Эми жаңы Кылмыш-жаза кодекси ишке кирсе, арыз жазган күндөн тарта кылмыш иши козголот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.11.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оштун говднын тергоочусу Маматалиевдин да иш болмосуно коюп койгула биринчи,болбосо озу каалагандай тергоо жургузуп,каалаган законун коюп келет,орой.Элдин унун уккусу да келбейт.
21.11.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдасы жок,тергөөчү да акылдуу да башка жактан токмоктоп көзөмөл жүргөн жерден баарына маакул дегидей кылат да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: