super.kg logo

Тармактык комитет "Ачык асман" долбоорун экинчи окууда жактырды

 

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өлкөнүн аба катнашын өркүндөтүүгө багытталган "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Долбоордун демилгечилери өкмөт жана Абдывахап Нурбаев баш болгон депутаттар тобу.

Аталган долбоор "Ачык асман" деп аталат. Максаты бардык учактарга Кыргыз мамлекетинин аба мейкиндиги аркылуу каттоосуна мүмкүнчүлүк берүү. Ал үчүн "Аба кодексине" "аба эркиндигинин 5-даражасын" киргизүү зарыл.

Депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков аталган долбоорго каршы пикир билдиришти. Алар идея ишке ашса, жергиликтүү компаниялар банкротко учурашын, долбоорду баскычма-баскыч кабыл алыш керектигин сунушташты. Жыйынтыгында долбоор экинчи окууда жактырылды. Аталган маселе бүгүн, 21-ноябрда жалпы жыйында каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: