super.kg logo

Канада эли 2026-жылкы Кышкы Олимпиада оюндары Канадада өтүшүн колдогон жок

 

Канаданын Калгари шаарынын эли 2026-жылы Кышкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын өткөрүү демилгесин колдогон жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаарда өткөрүлгөн референдумдан кийин чыгарылган. Кышкы олимпиада оюндары Калгари шаарында 1988-жылы өткөн.

"Референдумдун жыйынтыгында шаар тургундарынын 56 пайызы Олимпиада оюндарынын өтүшүнө каршы экенин билдиришкен", - деп жазылат маалыматта.

Шаар жетекчилиги референдумдун жыйынтыгына капа болуп, элге болгон нааразычылыгын ачык айтып чыккан. Алар оюндарды өткөрүү тууралуу арыз бергиче бир топ убакыт даярданышканын жана шаар 700 миллиондук инвестициядан кур каларын баса белгилешкен.

Эл аралык олимпиада комитети 2026-жылкы дүйнөлүк мелдештер өтүүчү шаарды Лозаннада аныктайт. Талапкер катары Италиянын Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарлары, Швециянын баш калаасы Стокгольм каралып жаткандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: