super.kg logo

Астротөлгө: 21-ноябрь күнү төрөлгөндөр ачык-айрым мүнөзү менен коомчулукка тез эле аралашып кетишет

 

21-ноябрда төрөлгөндөр башка чаян белгисинин алдында төрөлгөн адамдарга салыштырмалуу ачык-айрым, мамилечил болушат. Алар айланасында курчап турган адамдарга ишенимдүү, камкор болушат. Ошондой эле акылдуу келип, бардык нерсени акыл калчап, ойлонуп кылат. Бүгүн чаян белгисинен жаачы белгисине өткөн күн болгондуктан, бул күнү төрөлгөн адамдарда 2 жылдыз белгинин мүнөзү бар десек болот. Жаачы белгисинде төрөлгөн адамдардагы шайыр, тамашакөй мүнөз ушул күнү төрөлгөн адамдарга да таандык десек болот.

Эгерде бул күнү төрөлгөн адамдар менен мамиле курам десеңиз ишенимдүү болуп, берилүү менен мамиле кылсаңыз ортодо эч кандай чыр-чатак чыкпайт. Анткени бул күнү төрөлгөн адамдар сый, жылуу мамилени өнөктөшүнөн талап кылат.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар ачык-айрым болуп, адамдар менен бат эле тил табышып кете алгандыктан кандай чөйрө болбосун иштеп кете алат. Алар чыр-чатактан алыс болууну жактыргандыктан кандай кыйын кырдаал болбосун тынч чыгуунун жолун табат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: