super.kg logo

Индонезияда өлүү табылган кашалоттун ичинен 6 килограммдай желим таштанды чыкты

 

Индонезиянын Сулавеси провинциясында өлүү табылган кашалот 6 килограммдай пластик таштанды жеп алганын Jakarta Post гезити жазып чыкты. Басылма маалыматты Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун маалыматына таянып жазган.

Вакатоби паркынын адистери жана Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш (WWF) фондунун изилдөөчүлөрү Капота аралындагы деңиз жээгинен 10 метрлик кашалоттун өлүгүн табышкан. Адистер кашалотту союп, анын ашказанынан миңдеген балык кармаганда колдонулуучу чирибес жиптин үзүктөрүн, 115 желим стакан, 4 желим бөтөлкө, 25 баштык, 2 резина жайкы бут кийим болуп, жалпысынан 6 килограммга жакын пластик таштанды чыгарышкан.

Адистер азырынча кашалотту дал ушул желим таштандыдан өлдү деп так кесе айта элек. Ири суу жаныбарынын денесин жерге көмүшкөн.
Кашалот - тиштүү ири кит. Анын ургаачылары 15 метрге жетип, салмагы 20 тонна болсо, эркектери 20 метрге чейин болуп, салмагы 50 тоннага жакындайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.11.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Апетитда зверь экенда өзүно окшоп эч нерсени ылгабай эле алып кире берген экенда.
21.11.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дениз тазалоочу турбайбы
21.11.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Апетит звер эмес ал деген жаныбар. Ошого таштандыны сууга ыргыткан адамдарда күнөө. Жазат десе эле....
21.11.2018. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен түшүнбөй калдым мектепте окуп жүргөндө дүйнөдө сууда жүрүүчүлөрдон көк кит чоң 33тонна салмакта болчу, азыркы кашолоттор көк киттен да оозуп кнтиптирда
22.11.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zzz---zzz,Кок кит 150 тоннага чеин! сен туура эмес окупсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: