super.kg logo

Зиядин Жамалдинов грант, насыяларда консультантка деп көп каражат жумшалып жатканын айтып, кыскартууну сунуштады

 

"Консультациялык кызматка деп алынган каражаттын 10 пайызын кармап калып жатасыңар". Мындай пикирин депутат Зиядин Жамалдинов парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү сырттан грант, насыя алынып жатканда консультациялык кызматка деп көп каражат жумшалып жатканын эске салды.

"Консультантты да чет өлкөдөн алып келесиңер. Ушул каражатты кыскартпайсыңарбы? Кийин анын акчасын мамлекет төлөп жатат", - деди Жамалдинов.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков аталган маселе боюнча иш алып барышарын убадалады. "Бул долбоордо каражаттын 4 пайызы консультациялык кызматка кетет", - деди Байгөнчөков.

Учурда парламентте Кыргыз мамлекети менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы гранттык макулдашуу талкууланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.11.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Консултант,ортомчу,далдалчи,акаси,үкаси...эээ грант жейм дегендер көөөп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: