super.kg logo

Бишкекте 3 миңге жакын жумуш орундарын сунуштаган жарманке өтөт

 

Бишкек шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин шаар башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарманке 23-ноябрь күнү Токтогул менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан башкармалыктын кеңсесинде өтөт.

"Аталган жарманкеге Бишкек жана Чүй облусундагы 30дан ашуун ишкана, уюмдар катышат. Анда байланыш, тейлөө, коомдук тамактануу, курулуш тармагы боюнча жалпы 3 миңге жакын жумуш орун сунушталат", - деп жазылат маалыматта.

Өзүнө ылайыктуу жумуш тапкандар жумуш берүүчүлөр менен жеринен сүйлөшүп, келишим түзө алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: