super.kg logo

Чүйдө белгисиз жарандардын кол салуусунан жабыркаган ата-балага операция жасалды

 

Чүй облусунда белгисиз жарандардын кол салуусунан жабыркаган ата-балага операция жасалганын SUPER.KG'ге Токмок шаарындагы аймактык оорукананын директору Бактыгүл Исаева кабарлады. Анын айтымында, 12 жаштагы баланын абалы жакшырганы менен, атасы дале өзүнө келе элек.

"Биздин ооруканага үй-бүлө мүчөлөрү оор абалда келишкен. Тактап айтканда, аялы-күйөөсү жана алардын баласы. Биз ошол замат ата-баланы жандандыруу бөлүмгө жаткырганбыз. 18-ноябрь күнү 12 жаштагы балага жана анын 40 жаштагы атасынын башына операция жасалды. Учурда бала сүйлөп калды жана абалы туруктуу болгондуктан палатага котордук. Атасынын абалы бир аз оор, өзүнө келе элек. Ал эми апасынын абалы жакшы. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, кол салууга кирген адамдар, аларды айрынын сабы менен сабашкан", - деди Бактыгүл Исаева.

Эске салсак, 17-ноябрь күнү болжол менен саат 03:55 чамасында Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө Дөӊ-Арык айылындагы үй-бүлөгө кол салуу болгону тууралуу кабар түшкөн. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу барып, окуянын чоо-жайын такташкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.11.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Торт бутту айбандар,бироонун мандай тери мн тапкан байлыгына эмне учун кол салышат канча адам олуп канчалаган адам майып болуп калып атышат
21.11.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки буттуу айбандарго, төрт буттуу эмес, төрт буттуу болсо жөн эле качып кетмек эчкандай зыяны жок эле.
21.11.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармап каттуу жазалаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: