Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту
Бүгүн, 12-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри
Эрлан Абдылдаев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Сарыбай
менен жолугушту. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда
кыргыз-казак кызматташуусунда өз ара кызыкчылык туудурган маселелер, анын
ичинде Казакстандын премьер-министри Серик Ахметовдун Кыргызстанга жасала
турган расмий иш сапары, ошондой эле анын 2013-жылдын 13-июлуна пландаштырылган
Чолпон-Атада өтүүчү ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин ишине
катышуусу тууралуу маселелер талкууланды. Ошондой эле эки тараптуу
кызматташууну стратегиялык жана коңшулук маанайда өнүктүрүү боюнча
ишмердүүлүктү улантуу сунуштары айтылды.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















