super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароого беш негиз бар"

 

Бүгүн, 21-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Москвада Леонид Маевскийдин камалышы, Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу маселелери боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатышат. Ага Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев катышууда.

"Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап чыгууга 5 негиз бар. Ал 2019-жылы 1-январдан баштап жаңы кодекстердин күчүнө кириши. Мында кылмыш иштин формасы өзгөрөт. Ошондой эле экс-президенттин Текебаевдин иши боюнча билдирүүсү. Бул боюнча жактоочулар тийиштүү арыздарды беришет.Үчүнчүдөн Маевскийдин көрсөтмөсү эске алынып, кыргыз жарандарынын көрсөтмөлөрү эске алынбаганы Кыргыз суверенитетин сыйлабагандык болот. Төртүнчүдөн, депутат Жанар Акаевдеги фактылар бар.

Мындан сырткары Кыргыз мамлекети эл аралык укуктун субъектиси болгону үчүн ЕККУ, Адам укуктарын коргоочу уюмдардын билдирүүлөрүн эске алышыбыз керек. Эл аралык "мошенникти" БУУнун катчысындай тосуп алгандардын жоопкерчилигин карашыбыз керек, ал үчүн 2-3 миллион доллар сарпталган деп ойлойбуз", - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: