super.kg logo
  Саясат  

"Президент мыйзам бузууларга барбаса Текебаевдин эркиндикке чыкканы ал үчүн кооптуу эмес" дейт Шыкмаматов

 

Бүгүн, 21-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Москвада Леонид Маевскийдин камалышы, Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу маселелери боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатышат. Ага Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев катышууда.

Алмамбет Шыкмаматовдун билдиришинче, Өмүрбек Текебаевдин эркиндикке чыгышы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн кооптуулукту жаратпайт.

"Президент Конституция менен иштесе, Текебаевдин эркиндикке чыгышы ал үчүн кооптуу эмес. Эгер туура эмес иштер жасалса, президент менен жөнөкөй жарандардын ортосунда деле конфликт чыгышы мүмкүн. Текебаев абактан чыгуу үчүн президенттен ырайымдуулук, амнистия боюнча сурабайт. Биз мыйзам боюнча кайра карап чыгууну талап кылабыз. Мыйзам арыз жазууга тыюу салбайт. Биз кайрыла беребиз", - деди Шыкмаматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: