super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматов: "Текебаевдин беренеси мунапыс жарыялоого туура келбейт"

 

Өмүрбек Текебаев"Өмүрбек Текебаевдин иши мунапыска туура келбейт". Бул тууралуу маалымат жыйында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтты.

Ал президент мунапыс жарыяласа дагы Текебаев камактан чыкпай турганын билдирди.

"Мунапыс жарыялоо Текебаевдин ишине туура келбейт. Ал "коррупция" беренеси боюнча соттолгон. Биз жана жактоочулар жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароону гана суранабыз жана талап кылабыз. Президенттин кечээ экс-премьерлер жана экс-спикерлерге айткан мунапысы бул жерде туура келбейт", - деди ал.

Ошондой эле ал мунапыс мыйзамы учурда парламентте каралып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: