super.kg logo

Жогорку Сот Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карап жатат

 

Жогорку Сот бүгүн, 21-ноябрда Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карап жатат. Сот отуруму анын жактоочусу Сергей Слесарев менен 20га чукул тарапташынын катышуусунда өтүп жатат. Бирок сот залына журналисттер киргизилбей калды.

Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы буга чейин 24-октябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан каралып, камакта калуусу 2 айга узартылган. Жактоочу Слесарев сот чечимине макул болбой шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот анын арызын 3-ноябрда карап, канааттандырган эмес.

Окуянын чоо жайы:

28-майда УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: