Жарандык авиация департаментинин директору өлкөдө канча учак бар экенин айтты
Жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышев учурда өлкөдө 17 учак кызмат көрсөтүп жатканын айтты. Ал бул тууралуу парламентте "Аба кодексине" өзгөртүү сунушталып жатканда билдирди.
Акышевдин айтымында, "Ачык асман" долбоору ишке ашса, Кыргыз мамлекетине чет өлкөлүк авиакомпаниялардын учактары конуп, жүргүнчү жана жүк алып, кайра жүктөп кете алат.
"Бул мыйзам ишке ашса, бардык чет өлкөлүк компанияларга эшик ачылат. Азыр эле Тажикстандын 2 авиакомпаниясы арыз берди. Алар биздин шарттар менен таанышып кетишти. Азыр өлкөдө жалпысынан 17 учак кызмат көрсөтүүдө", - деди Акышев.
Учурда Жогорку Кеңеште "Аба кодексине" өзгөртүү киргизүүгө багытталган "Ачык асман" долбоору экинчи окууда талкууланып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
taalay25

21.11.2018. 21:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка олко калгансып тажиктер бердиби ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-22 12:55:46
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.