Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу дүйнөлүк рейтингге жазылды

Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу Дүйнөлүк рейтингдин тизмесине кирди. Аталган маалыматты Волейбол федерациясы бүгүн, 21-ноябрда тастыкташты.
Маалыматка караганда, дүйнөлүк рейтинг жыл сайын түзүлөт. Аталган рейтинг 1-октябрда эл аралык Волейбол федерациясынын расмий сайтында жарыяланган.
"Жаңыланган рейтингде Кыргыз улуттук курама командасы өзүнүн 7 упайы менен 176 команданын ичинен 65-орунга турду", - деп билдиришти федерациядан.
Айта кетсек, Кыргыз курамасы Дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо туруна катышкан. 2016-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн квалификациялык раундда жеңишке жетишкен. Ал эми 2017-жылы Бишкекте өткөн 2-этапта 3-орунду ээлеген. Оюндардын жыйынтыгында курама команда 7 упай топтой алган.
Рейтингде 1-орунда өзүнүн 315 упайы менен Бразилия, 2-орунду 300 упайы менен АКШ ал эми 3-орунду 266 упай топтогон Италия ээлеген.

Футболдон рейтингибиз которулуп жатты эле эми волейболдон да которулупбуз,жакшыы...Азаматсынар!