super.kg logo

Жогорку Сот Икрамжан Илмиянов боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

 

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Сотто экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралды. Сот иши жабык каралгандыктан соттук жамаат залга анын жактоочуларынан башка эч кимди киргизген жок.

Жыйынтыгында Биринчи Май райондук соттун Илмияновду 28-ноябрга чейин камакта калтырган токтому жана Бишкек шаардык соттун аныктамасы күчүндө калтырылганын SUPER.KG'ге жактоочусу Тынарбек Аскаров кабарлады.

Илмияновдун баш коргоо чарасы каралып жатканда соттун алдында анын 50гө чукул жакын адамдары чогулушкан. Алар соттун кабыл алган чечими боюнча жактоочулардын маалыматын уккан соң тарап кетишти.

Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмияновдун Орусиядан кармалганы белгилүү болгон. 20-октябрда аталган райондук сот аны 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин чыгарган. 31-октябрда Бишкек шаардык соту анын ишин карап райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: