"Мурун шопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга барса унчукпай отурушкан. Журналисттерге да Кудай бар" дейт президенттин кудасы Абжалиев
"Мурун шопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга барса унчукпай отурушкан. Журналисттерге да Кудай бар", - деп бүгүн, 21-ноябрда депутат Алиярбек Абжалиев "Азаттыкка" билдирди.
Алиярбек Абжалиевдин агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматынан кеткенинин себебин айтып жатып журналисттерге нааразы болду.
"Анын резюмесин карап, аталган кызматка чакырышыптыр. Бул бир жума мурун болгон. Эми кечээ аны журналисттер көтөрүп чыкты. Бирок ал да өз оокатын кылышы керек. Аны бирөө бакпайт да. Качканга да, кууганга да Кудай бар. Жакшы жагын айтыш керек да. Мурун шопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга, министрликтерге барса унчукпай отуруп, азыр жаман жагын көрсөтүп жатышат. Журналисттерге да Кудай бар", - дейт Абжалиев.
Анын иниси Алиярбек Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.
кошулду
"Мурун шопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга барса журналисттер унчукпай отурушкан" дейт президенттин кудасы Абжалиев


