super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт иштери менен алектенген жаңы бөлүмү ишке кирди

 
Бөлүмдүн ачылышы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаевдин сөзү менен башталды
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: "Эми аймактардан келген жарандар убара болушпайт"
Бөлүмдүн ачылышына келген коноктор
Кызыл тасма кесүүнүн алдында Мамлекеттик гимн жаңырды
Кызыл тасма кесүү аземи
Э.Сапарбаев вице-премьер-министрди бөлүмдүн ичи жана кандай багытта иш алып барары менен тааныштырды
Тайырбек Сарпашев бөлүмдүн ичин кыдырып, түзүлгөн шарттар менен таанышты
Тайырбек Сарпашев бөлүмдүн ичин кыдырып, түзүлгөн шарттар менен таанышты
Бөлүм менен таанышуу
Бөлүм менен таанышуу
Кардарлар үчүн түзүлгөн шарттар
Тейлөө бөлүмдөрү. Паспорт маселеси боюнча тургундар каттоосу кайсыл аймакта экендигине карабай бул жерге кайрыла алышат
Кардарларды тейлөө үчүн түзүлгөн шарттар
Тейлөө бөлүмдөрү. Паспорт маселеси боюнча тургундар каттоосу кайсыл аймакта экендигине карабай бул жерге кайрыла алышат
Тейлөө бөлүмдөрү. Паспорт маселеси боюнча тургундар каттоосу кайсыл аймакта экендигине карабай бул жерге кайрыла алышат
Кардарлар үчүн кеңири маалымат тактасы илинген
Бөлүмдүн ичи толук капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн
Тейлөө бөлүмдөрү. Паспорт маселеси боюнча тургундар каттоосу кайсыл аймакта экендигине карабай бул жерге кайрыла алышат

Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарында Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Бишкек шаарында паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмүн ишке киргизди. Өлкөдө биринчи жолу ишке киришип жаткан мындай бөлүмдүн ачылышына вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышып, бул аракет алыскы аймактардан келген жарандарга жаралган ыңгайсыздыктарды жоюуга шарт түзөрүн белгиледи. Бул бөлүмдүн негизги милдети - республиканын алыскы аймактарынан келип, Бишкек шаарында жашап жаткан жарандарга кызмат көрсөтүү. Андай жарандардын көп жылдан берки паспорт маселесиндеги кыйынчылыктарга чекит коёт. Себеби буга чейин паспортун жоготуп алгандар же паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендер жаңы паспорт алуу үчүн сөзсүз каттоодо турган жериндеги паспорт берүүчү органдарга гана кайрылышы керек болчу. Эми алар бул жерден паспортун калыбына келтирсе болот. Аталган бөлүмдүн дареги Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата №2 дарегинде жайгашкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: