ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: Жыл өткөн сайын жашарган корей актрисасы Соң Хйе Кйо 37 жашка чыкты. Анын сыры жигиттердеби?
















Корей дорама сүйүүчүлөрү биринчи көргөн сериалы катары көбүнесе 3 сериалды айтышат. Алар: "Кышкы соната", "Ва банк" жана "Мыкты жигиттер". Булардын ичинен "Ва банк" 2003-жылы чыккан. Анда баш каармандардын биринин ролун жараткан актриса атагы алыска тарап, атактуулугу баш айланткан ошол жылы Соң Хйе Кйо 22 жашта эле. Арадан 15 жыл өттү. Соң Хйе Кйо ошондой эле фотошопсуз сулуу.
Жолдошу өзүнөн 4 жашка кичүү экендиги эми эле талкууланып бүткөндө буга кошумча 12 жаш кичүү актёр Пак Бо Гом менен чогуу тартылган жаңы сериалы стартта турат. "Бойфренд" деп аталган дорамада Соң Хйе Кйо менен Пак Бо Гом бардык каршылыктарга карабай, бири-бирине ашык болуп калган кыз-жигиттин образын жаратышат. Сериалдын көрсөтүлүшүнүн алдында кечээ, 21-ноябрда Түштүк Кореяда маалымат жыйын өткөрүлдү.
2004-жылы анын катышуусундагы “Жылуу уя” сериалы эл алдына тартууланган. Ушул сериалдан кийин 2013-жылга чейин дагы бир дорамага жана бир нече тасмаларга тартылган. Анын айрымдары мактоого арзыса, айрым ролдору көз жаздымда калган. Бирок 2013-жылы чыккан "Ушул кышта шамал согот" сериалы актрисаны кайрадан атактуулукка бөлөгөн. Анда актриса көзү азиз кыздын образын жаратып, белгилүү актёр Чо Ин Сон менен башкы каармандардын бирин эсте каларлык ойногон.
2016-жылы кезектеги хит сериалга "Күндүн мураскерлерине" тартылган. Аталган дорама атактуулугун гана арттырбай, актрисага аялдык бакытын да таап берген. Ага чейин "Ва банктагы" И Бёң Хон, "Алар жашаган дүйнө" аттуу сериалда чогуу тартылган актёр Хён Бин менен кыз-жигиттик мамиле курган. Бирок актрисанын жүрөгүн багындырган, нике шакегин колуна салган мырза - актёр Соң Жуң Ки болду.
22-ноябрдын жылнаамасы.
"Бойфренд" сериалынын тизери
Жыл өткөн сайын жашарган корей актрисасы Соң Хйе Кйо 37 жашка чыкты


Жунсанк
Чонсин Хау
Ушулар оло жакчу,туну менен уктабай тан атканча карейс кино лорун коруп чыккан кундор болдуго,ыйласа кошо ыйлап кулсо кошо кулуп,азыр эстесем кулкум келет,азыр анча корбойм.