super.kg logo

"Disney" студиясынын тарыхындагы эң мыкты жана эң начар мультфильмдер аныкталды

 

"Collider" порталы "The Walt Disney" компаниясынын тарыхындагы эң мыкты жана эң начар мультфильмдердин тизмесин жарыялады.

Мыкты мультфильмдердин сап башында 1950-жылы тартылган "Пиноккио" жайгашкан. Бул фильм сатыктан көп киреше алып келбесе дагы киносынчылар "Пиноккио" 2 ирет "Оскар" сыйлыгын алганы үчүн мыкты деп баалаган. Кийинки орунду "Уйкудагы сулуу" мультфильми камсыздаган. Аталган фильм 1959-жылы экранга чыккан. Алдыңкы үчтүктөн 1940-жылы тартылган "Фантазия" анимациялык фильми орун алган. Андагы музыкалык номерлер реалдуу жашоодо дагы шедеврге айланганын сынчылар баса белгилеген.

Ошондой эле мыкты ондуктун катарына "Бэмби", "Сулуу жана түрү суук", "Дамбо", "Арстан падыша", "Питер Пэн", "Моана" жана "Белоснежка менен 7 эргежээл" мультфильмдери кирген.

Ал эми начар делген мультфильмдердин тизмесинде 2005-жылы тартылган "Цыпа жөжө" эң акыркы саптан орун алган. Сынчылар мультфильм экранга чыккандан кийин эле унутулуп калганын, сюжетте эч кандай маани жок экенин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: