Ирина Карамушкина: "Менде Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовдун Орусиянын жараны экенин тастыктаган документ бар"
"Менде Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовдун Орусиянын жараны экенин тастыктаган документ бар". Мындай маалыматты депутат Ирина Карамушкина парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда айтты.
Карамушкина ушул сыяктуу эле шек менен Кубанычбек Кулматов жарым жыл тергөө абагында отурганын эскертти.
"Кулматов жарым жылдан бери абакта отурат. Таалайбек Сарыбашов Насирович 1971-жылы туулгандыгы, учурда жашаган жери Новосибирскте экени Орусиянын салык кызматынын документинде турат. Анын качан Орусиянын жарандыгын алгандыгын такташ керек. Ал кантип буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү, учурда болсо Оштун мэри болуп турганын тактасын. Бул боюнча УКМКнын төрагасына кайрылып кетем", - деди ал.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
4

Карамушкина орус болгону Кыргызстан жараны.
Сарыбашев акен камалышы керек!!!
Койгулачы ушул дежур созунорду!
Эгер чын болсо иштен токтоосуз алынсын! Чон атасынын торундо отурат бекен, мыйзамды сыйлабаган элди сыйлайбы!