super.kg logo
  Спорт  

Кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Өзбекстанда өтүүчү мелдешке катышат

 

Эртең, 23-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы "CAFA Women’s Championship" мелдеши старт алат. Анда Гүлбара Уматалиеванын баштоосундагы Кыргыз улуттук курама командасы катышат.

Аталган мелдеш Борбор Азия футбол конфедерациясынын алдында өтүүдө. Мелдеште Кыргыз, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Иран курама командалары күч сынашат. Беттештер "Миллий" стадионунда өтөт.

Мелдештин эрежелерине ылайык, чемпиондук айлампа иретинде өтүп, эң көп упай топтогон курама команда жеңүүчү аталат. Азыркы тапта Кыргыз курама командасы Өзбекстанда орун алышууда. Кечээ, 21-ноябрда кыргыз футболчулары машыгууларын өткөрүштү.

Башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиева курамга 23 футболчуну чакырган. Алардын арасында испаниялык "Феминино Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Айдана Оторбаева да бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар:
    • Айчүрөк Толонова, Дильнура Абибулла кызы (ЧО СДЮШОР);
  • Коргоочулар:
    • Заирина Ахматкулова, Насибахон Анарбаева (Эдельвейс), Айдай Нурлан кызы, Алтынай Канатбек кызы (СДЮШОР СИ), Сабина Конушбаева (Илбирс), Айгерим Жаркулова (ЧО СДЮШОР), Ирина Дорофеева (Абдыш-Ата), Баяна Келишова (Каракол)
  • Жарым коргоочулар:
    • Кенжебүбү Ырысбек кызы, Бактыгүл Токтоболотова, Айжана Боронбекова, Виктория Далингер (ЧО СДЮШОР), Айтурган Аскар кызы (Илбирс), Адинай Кылычбек кызы, Адинай Дүйшөбаева (Каракол), Аделя Эркинбаева (ЧО СДЮШОР), Айпери Саскеева (Ысык-Көл)⠀
  • Чабуулчулар:
    • Шахноза Ибраимова, Сивиля Мамедова (ЧО СДЮШОР), Айдана Оторбаева (Феминино Мадрид), Анна Зародина (СДЮШОР СИ)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: