Кеминде жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап кетип, 2 адам каза болду
Чүй облусунун Кемин районунда көпүрөдөн өтүп бараткан унаа сууга кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 21-ноябрда саат 16:34 чамасында болгон. Анда ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып Чоң-Кемин суусуна кулап кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1977-жылы туулган М.А жана 1976-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар окуя болгон жерден каза болушкан. Кырсык катталган жерге ӨКМнын куткаруучулары барып, унаага кептелип каза болгон жарандардын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
amore92

22.11.2018. 11:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жаннаттан болсун! Ата энесине бир туугандарына жана жакындарына сабыр берсин!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.