super.kg logo

"Ахунбаев, Исанов, Ибраимов, Кулатовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын бериш керек". Депутаттар президенттин сунушу менен мыйзамды өзгөртмөкчү

 

"Султан Ибраимовдун мааракесинде президентибиз Сооронбай Жээнбеков "парламент сыйлык тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизсе, бул кишиге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын бермекпиз" деди", - деп депутат Акылбек Жапаров парламент жыйынында айтып чыкты.

Ал мындай сыйлыкка Кыргыз өлкөсүнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов менен жүрөккө биринчилерден болуп операция жасаган Иса Ахунбаев да татыктуу экенин билдирди.

"Насирдин Исанов тирүү болгондо "Кумтөрдүн" ыйы да, чыры да болбойт эле. Иса Ахунбаевди да сунуштайм. Ахунбаев билимин, тажрыйбасын бизге таштап кетпегенде, жүрөк оорулары мындан да көп болмок. Ушуну президентке жеткирип койсоңуз", - деди Жапаров.

Ошондой эл сунушту депутат Канат Исаев парламенттин негизги трибунасына чыгып айтты. "Президент жакында эле "парламент сыйлык тууралуу мыйзамды өзгөртүп берсе, Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарат элек" деди. Мен Төрөбай Кулатовду да сунуштамакмын. Ал шахтёрлуктан көтөрүлүп, 33 жыл Жогорку Советтин төрагасы болуп иштеген. Экөө тең бул сыйлыкка татыктуу. Сыйлык жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайм. Тийиштүү комитет мыйзамды иштеп чыксын”, - деди Исаев.

Султан Ибраимовго наам берүүнү депутаттар Таалайбек Масабиров менен Айнуру Алтыбаева да көтөрүп, президенттин суранычын эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: