super.kg logo
  Спорт  

Ош шаарында өткөн футбол боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Ош шаарында Асылбек Момуновдун элесине арналган футбол боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Мелдеште Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөлөрүнүн командалары катышып, 14 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн 8 команда күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында, 1-орунду Футбол академиясынын 1-командасы жеңип алса, 2-орунда Таш-Көмүрдүн "Шахтёр" клубу жайгашты. 3-орунду "Академи-2" командасы ээлесе, "Абдыш-Ата" 4-орунда жайгашты.

Ошондой эле футболчулар сыйлыктар менен сыйланышты:

  • "Мыкты дарбазачы" - Төлөш Кылычбаев ("Шахтёр");
  • "Мыкты коргоочу" - Эмир Кыдыршаев ("Академия-2");
  • "Мыкты жарым коргоочу" - Абылайхан Полотбек уулу ("Академия-1");
  • "Мыкты чабуулчу" - Нариман Кубатбек уулу ("Шахтёр");
  • "Мелдештин бомбардири" - Кудурет Темирбеков ("Академия-1")
  • "Мыкты оюнчу" - Үмүт Султанов ("Абдыш-Ата")
  • "Мыкты машыктыруучу" - Бакыт Баргыбай уулу ("Академия-1").

Мелдештин жыйынтыгы:

  • 1-орун: "Академия-1"
  • 2-орун: "Таш-Көмүр"
  • 3-орун: "Академия-2"
  • 4-орун: "Абдыш-Ата"
  • 5-орун: "Хожент" (Тажикстан)
  • 6-орун: "ОДЮСШ"
  • 7-орун: "Андижан" (Өзбекстан)
  • 8-орун: "ДЮСШ"





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: