Ош мэриясы: "Мэр Таалайбек Сарыбашов "Орусиянын жарандыгын алган эмесмин" деген"
"Мэр Таалайбек Сарыбашов "Орусиянын жарандыгын алган эмесмин" деген. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ош мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров айтты.
Анын айтымында, мэр бул тууралуу өз пикирин билдирген.
"Депутат Ирина Карамушкина көтөргөн маалыматты уктук. Мындан кабарыбыз бар. Мэр Сарыбашов 2000-жылдары Орусияда мигрант катары иштеп жүргөн. Бул маселе боюнча мэрге кайрылып жатам. Анын айтымында, ал Орусиянын жарандыгын алган эмес. Кыргыз жараны бойдон эле", - деди Абсаттаров.
Бүгүн, 22-ноябрдагы парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина Ош облусунун мурдагы башчысы, учурдагы Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун Орусиянын жараны экенин айтып чыккан.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Кыкендерге акчасы болсо болду орусиянын жарандыгы уруп ойнобойт.
Элди алдап отурган бироо жарытчу беле?!!