super.kg logo

Депутат Зулушев президенттин кепилдиктери жөнүндө мыйзамы парламентте каралбай жатканына нааразы болду

 

Курманкул Зулушев"Депутат Исхак Масалиев менен президенттин кепилдиктери жөнүндө мыйзам иштеп чыгып, сайтка жүктөгөнбүз. Бирок ал боюнча азыркыга чейин жооп жок". Мындай маалыматты депутат Курманкул Зулушев парламент жыйынында айтып чыкты.

Ал Жогорку Кеңештин регламентин бузбай иш алып барууга чакырды.

"Президенттин кепилдиктери жөнүндө мыйзамды биз 21-сентябрда төрагага жөнөттүк эле. 24-сентябрда андан чыгып, тармактык комитетке берилген. Бирок канча убакыт өтсө дагы мыйзам долбоору же комитетте каралган жок, же палатага чыкпай жатат. Ошону жооптуу комитеттен талап кылыңыз. Бизге негиздеп, жообун бергиле да", - деди Зулушев.

Вице-спикер Асел Кодуранова бул маселени тактап, жооп берерин айтты.

Буга чейин депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттердин кол тийбестик макамы жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышкан.

Учурда экс-президенттер кол тийбестик укугуна ээ. Буга ылайык, президент ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле аны камакка алууга, тинтүүгө, суракка алууга же жеке текшерүүгө мыйзам жол бербейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: