super.kg logo
  Спорт  

"Лестер" клубун чемпиондукка алып келген машыктыруучу Клаудио Раньери АПЛге кайтып келди

 

"Лестер" футболдук клубун чемпиондукка алып келген машыктыруучу Клаудио Раньери кайрадан Англия Премьер-Лигасына кайтып келди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 67 жаштагы адис Клаудио Раньери англиялык "Фулхэм" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болду. Раньери башкы машыктыруучу кызматында Славиша Йокановичти алмаштырды. Йоканович АПЛда начар көрсөткүчтөрү үчүн жумуштан алынган.

"Фулхэмдин" жаңы машыктыруучусу болуп Клаудио Раньери шайланды. Клубдун жыйынтыктары мени ушул чечимди кабыл алууга түрттү. Бул чечим туура болгондугуна жана керектүү учурда кабыл алынганына ишенем. Бирок мен Йокановичтин эмгегин баалайм жана ыраазымын. Анткени ал "Фулхэмди" жогорку дивизионго алып келген", - деп билдирген клубдун ээси Шахид Хан.

Белгилей кетсек, Клаудио Раньери “Лестерде” 2015-жылы иштеп баштап, клубдун 133 жылдык тарыхында алгачкы жолу чемпиондукка жеткирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.11.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лестерди чемпион кылгандай, Фулхемдида чемпион кыла алаарбы экен эми?
22.11.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фулхемди премьер лигада алып калса чон жетишкендик болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: