super.kg logo

Ысык-Көлдө асынып каза болгон баланын өлүмү боюнча үч милиция кызматкерине иш козголду

 

Ысык-Көлдө мал уурулукка шектелип асынып алган 18 жаштагы Эрмек Касымовдун өлүмү боюнча үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге укук коргоочу Камиль Рузиев кабарлады. Анын айтымында, кылмыш иши облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "кыйноо" беренеси менен козголуп, 5 милиция кызматкери жумуштан бошотулду.

"19-ноябрда баланын өлүмү боюнча ички кызматтык тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин буйругу менен Ысык-Көл ОИИБинин 17 кызматкерине чара көрүү буйругу чыгыптыр. Мындан улам 21-ноябрда Эрмек Касымовдун атасы экөөбүз Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси менен жолугуштук. Жолугушууда баланы өз жанын кыюуга жеткирди делген Кубанычбек Алсеитов, Адилет Коңуратов жана Айбек Абдыкеримов деген опер кызматкерине кылмыш иши козголгонун жана жумуштан бошотулганы боюнча расмий маалымат алдык. Ошондой эле Дүйшалиев деген тергөөчү менен нөөмөттө турган кызматкер дагы жумуштан алыныптыр. Андан сырткары облустук милициянын башчысынын орун басары менен тергөө бөлүмүнүн башчысына сөгүш берилгени айтылды. Учурда облустук прокуратура козголгон кылмыш иш боюнча тергөө ишин УКМКга өткөрүп берди", - деди Рузиев.

Ысык-Көл облусунда мал уурулукка шектелген Бөрү-Баш айылынын 18 жаштагы Эрмек Касымов аттуу тургуну 22-октябрь күнү айыл четиндеги даракка асынып каза болгон. Атасы Нурлан Асанбеков уулунун өлүмүнө милиция кызматкерлеринин кыйноого алганы түрткү болгонун айтып чыккан.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматы маркум айыл тургунунун үч коюн уурдап, 12 миң сомго сатып жибергенин жана ал акчага сүйлөшкөн кызынын туулган күнүнө белекке телефон сатып бергенин билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.11.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызматтан бошотулуп эле жоопкерчиликтен кутулуп кетеби эми ?
22.11.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кээде кылмышкерлердин аты-жондорун чыгарып коесунар.Кээде эле баш тамгаларын жазып бутту кыласынар.Тук тушунбойм...
22.11.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карга карганын козун чукубайт. Жумуштан алуу элдин козуно маскировка эле болгон го. Эмнеге кылмышка шектуулорду убактылуу кармоочу жайда кармабайт?
22.11.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
IIM basma soz katchisi Bakit Seyitov mentterdin ech kanday kunoosu jok dep aktanip atpadi bele. Emi ne deyt boldu eken Bakit baykebiz, kunooluulor oz jazasin alsin...
22.11.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинда жумуштан алыш керек болчу ушундай кыйноого же кыйноолорго жол бергени учун
Eldar6724 түзөттү 2018-11-22 19:16:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: