super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз курама командасы хоккей боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышат

 

Кыргыз курама командасы Малайзияда өтүүчү хоккей боюнча жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Аталган мелдеш Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 2-9-декабрь аралыгында 8 команданын катышуусунда өтөт. Кыргыз курама командасы башкы машыктыруучу Максим Жабуниндин баштоосунда катышат. Жабунин курамга 21 хоккейчини чакырган.

Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курама командасы "А" тайпасына кирип, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары жана Филиппин курамалары менен күч сынашат.

Ал эми "В" тайпасына Таиланд, Кувейт, Монголия жана Индонезия курама командалары кирген.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Дарбазачылар: Темир Муктарбек, Ускен Атантаев.

Коргоочулар: Денис Попов, Эрназар Исаматов, Эрсултан Мирбек уулу, Дмитрий Сорокин, Ислам Абдраев, Эрамир Шамырканов.

Чабуулчулар: Андрей Тришкин, Жанболот Тагаев, Азамат Кыргызбаев, Кирилл Ким, Даниэль Бакаев, Адил Бекмуратов, Николай Магиев, Эдил Өмүрбеков, Айдар Кашаев, Султан Исманов, Кубаныч Бактыбек уулу, Айдар Азисов.

Ага машыктыруучу: Элзар Болотбеков;

Башкы машыктыруучу: Максим Жабунин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: