super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин эң жаш депутаты Айсулуу Мамашова 30 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы эң жаш депутат Айсулуу Мамашова 30 жашка толду. Ал 1988-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында туулган.

Ал 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциялоо инстутунун Кыргыз-Европа факультетин "Экономика жана башкаруу" адистиги боюнча бүтүргөн. Андан кийин "Ишкердик башкаруу" адистигине ээ болуп, 2010-жылы магистр квалификациясын алган.

17 жашында "Автоучкомбинат" ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенген. 2009-жылдан тартып "Фирма Дасмия" ЖЧКсынын президенти болгон.

2015-жылы "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин мүчөсү. 2016-жылы турмушка чыккан. Бир кыздын энеси.

22-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: