super.kg logo
  Спорт  

Өзбекстанда өтө турган футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз курамасынын атаандаштары белгилүү болду

 

Өзбекстанда өтө турган футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз курамасынын атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ташкент шаарында өткөн мелдештин катышуучуларынын расмий өкүлдөрү катышкан жыйында командалардын атаандаштары аныкталып, беттештердин жадыбалы түзүлдү. Ага ылайык, Кыргыз курама командасы алгачкы беттешин 23-ноябрда Тажикстандын курамасына каршы өткөрөт.

Беттештердин жадыбалы:

23-ноябрь

15:00. Тажикстан-Кыргыз өлкөсү

18:00. Өзбекстан-Ооганстан

25-ноябрь

15:00. Ооганстан-Иран

18:00. Өзбекстан-Тажикстан

27-ноябрь

15:00 Иран-Өзбекстан

18:00 Кыргыз өлкөсү-Ооганстан

Белгилей кетсек, Гүлбара Уметалиева машыктырган кыз-келиндер арасындагы Кыргыз курама командасы 23 оюнчусу менен Өзбекстанда өтө турган мелдешке катышары айтылган. Бардык беттештер Ташкент шаарындагы "Миллий" стадионунда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: