Депутаттар "Коопсуз шаар" долбоорун кароону кийинки аптага жылдырышты
Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы жыйынынын күн тартибинде "Коопсуз шаар" долбоору боюнча маселе каралмак. Бирок жумуш күнү аяктаганына байланыштуу аталган маселени кароо жылдырылды.
Депутат Наталья Никитенко "Коопсуз шаар" маанилүү маселе экенин айтып, жылдырууну сунуштады.
"Азыр жумуш күнү аякташына жарым саат калды. "Коопсуз шаар" долбоору маанилүү маселе. Бул боюнча суроо берем деген депутаттар да көп. Ошондуктан аталган маселени шаршемби күнү саат 14:00дө карайлы", - деди Никитенко.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында сунуш кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.