super.kg logo

"Вечерний Бишкек" басылмасынын мурунку директору камакка алынды

 

Бүгүн, 22-ноябрда "Вечерний Бишкек" басылмасынын мурунку директору Мурат Божокоев камакка алынды. Бул тууралуу күч органдарындагы ишеничтүү булактар билдирди.

Кечээ, 21-ноябрда "Вечерний Бишкек" басылмасынын акцияларынын контролдук пакетинин жана жарнамалык "Рубикон" фирмасынын ээси Александр Рябушкин камакка алынган болчу. Учурда Рябушкин менен Божокоев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалым.

Бир-эки күндө алардын баш коргоо чарасы сот тарабынан каралат.

"Вечерний Бишкек" басылмасынын акционерлери тарабынан түшкөн арыздардын негизинде текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анда Свердлов райондук сотунун (2016-жылдын 5-февралынан тарта) жана апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык сотунун чечими менен (2016-жылдын 15-июлунан тарта) "Вечерний Бишкек" басылмасы, "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясы, басылманын интернет сайты, "Жаңы Агым" жана "МСН" гезиттери, ошондой эле "Рубикон" жарнамалык фирмадан Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 миллион сомду өндүрүп берүү өкүмү чыккан. Ошондой эле Свердлов райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын 28-августунан тарта "Вечерний Бишкек" басылмасынан Икрамжан Илмияновдун пайдасына 1 миллион сом өндүрүп берүү өкүмү чыккан.

Тергөө иштеринин алкагында 2016-жылдын 21-октябрында Божокоев менен Рябушкин алдын ала сүйлөшүп алып, бөлүштүрүү жана башкаруу ыйгарым укуктарын пайдалануу менен “Вечерний Бишкек” компаниясынын кызыкчылыктарын эске албай туруп, арыз ээси Мамбеталиев менен “Вечерний Бишкектин” каражатынан 1 миллион сомду төлөө боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ал эми соттун өкүмүнө ылайык, акча каражат 3 юридикалык тараптан өндүрүлүшү керек болчу. Ошол эле күнү "Вечерний Бишкек" басылмасынын кассасынан Мамбеталиевге 1 миллион сом акча берилген. Мындай иш-аракеттер менен басылманын директору жана басылманын башкармалыгынын башчысы тарабынан жабык акционердик коомго материалдык зыян келтирилген.

Аныкталган фактыларга ылайык, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан 2018-жылдын 2-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 173-берененин 2-бөлүгү, 221-берененин 1-бөлүгү, 350-берененин 1-бөлүгү менен кылмыш иштери козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: