super.kg logo

"Садыр Жапаровдун ишинде жаңы жагдайлар бар" деди жактоочусу

 

11 жыл 6 айга эркинен ажыратылып абакта отурган мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча жаңы жагдайлар бар. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жактоочусу Шарабидин Токтосунов кабарлады. Анын айтымында, анын күнөөсүз экенине далил болуп бере алчу видеокайрылуулар Бишкек шаардык прокуратурасына берилип, учурда каралуу.

"Садыр Жапаровдун ишинде жаңы жагдайлар бар. Анткени сотто каралып жатканда төрт күбө берген көрсөтмөсү коркутуунун негизинде өзгөртүлүп берилгенин, Садыр Жапаров күнөөсүз экенин айткан видеокайрылуулары бар. Ал видеолорду Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүп бердик. Прокуратура жаңы жагдайларды карап чыгуу үчүн бир ай убакыт сураган. 26-ноябрда ал убакыт аягына чыгат. Ушунун негизинде Жапаров акталуусу керек", - деди Токтосунов.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1-колонияда жазасын өтөп жатат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: